Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында курулуп жаткан асма жол кандай болору көрсөтүлдү.
Жаратылыш паркынын өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, учурда асма жолду техникалык сыноолор жүргүзүлүүдө. Иштер дүйнөлүк Doppelmayr компаниясынын инженерлери тарабынан аткарылууда.
Учурда коопсуздук системаларын акыркы жөндөө жана көтөргүчтү жүк сыноолорунан өткөрүүгө даярдоо иштери жүрүп жатат. Муну менен катар, эксплуатациялоону камсыздай турган кызматкерлерди окутуу уюштурулган.
Бардык техникалык иштер аяктаган соң асма жол жүргүнчүлөрдү ташууга толугу менен даяр болот.
Асма жолдун ачылышынын так датасы кошумча кабарланат.
Эскерте кетсек, асма жолдун курулушу 2025-жылдын январь айында башталган. Анын жалпы узундугу 23 чакырымды түзөт.