Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Күн мурун Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн Бишкекке келген боордош өлкөлөрдүн парламент жетекчилерине "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа тартууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Маданий иш-чара орто кылымдардагы көчмөндөрдүн жашоо образын чагылдырган "Кыргыз айылы" көргөзмө комплексинде өттү. Меймандарды добулбас, керней-сурнайлардын коштоосунда зоот кийимчен кыргыз баатырлары, улуттук кийимчен кыздар жана төкмө акындар тосуп алышты.
Программанын алкагында делегация мүчөлөрү "Кол өнөрчүлөр аллеясын" кыдырып, боз үйлөрдүн жасалгасы, кыргыз уздары менен усталарынын кол эмгектери жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен таанышты.
Иш-чара бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда кыргыз элинин муундан муунга өтүп келе жаткан салттуу мергенчилик өнөрү — "Салбуурунду" көрсөтүү менен жыйынтыкталды.
Этномаданий программа чет өлкөлүк конокторго кыргыз элинин улуттук каада-салтын, маданиятын жана көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрүн таанытууга багытталды.