Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. 7-ноябрда Ала-Арча капчыгайында дайынсыз жоголгон 2011-жылы туулган өспүрүмдү издөө иштери күчөтүлөт. Издөө операциясына тик учак, тажрыйбалуу альпинисттер жана учкучсуз аппараттарды колдонгон ыктыярчылар тартылат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын социалдык тармактагы баракчасына жазган маалыматына караганда, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында онлайн жыйын өтүп, издөө иштерин күчөтүү тапшырмасы берилген.
Учурда издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, тажрыйбалуу альпинисттер жана дрон учурган ыктыярчылар катышууда. Мындан тышкары, тоолуу аймакты текшерүү үчүн тик учак да тартылат.
Эске салсак, 2011-жылы туулган өспүрүм 7-ноябрда эртең менен үйүнөн чыгып баратып, агасына "Ала-Арча" жаратылыш паркына чуркаганы баратканын айткан. 2GIS тиркемесинин геолокация маалыматына ылайык, анын акыркы жайгашкан жери "Электро" чокусунун аймагында катталган.
Буга чейин ӨКМдин "Эдельвейс" тоо-издөө тобу издөө иштерин жүргүзгөн, бирок өспүрүм табыла элек.