Бишкекте "Заманбап бажы" эл аралык форуму өтүүдө

Экономика 12 октябрь 2026 10:30
Бишкекте "Заманбап бажы" эл аралык форуму өтүүдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Заманбап бажы" эл аралык форуму өтүүдө.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Иэн Сондерс, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Форумдун максаты бажы ишин жана эл аралык сооданы өнүктүрүүдөгү дүйнөлүк жана аймактык тенденцияларды талкуулоо, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын санариптик трансформациясынын жыйынтыктарын жана артыкчылыктарын тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле бажы башкаруусунун жаңы моделине өтүү маселелери боюнча бизнес өкүлдөрү менен практикалык диалог жүргүзүү пландалууда.