Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча жол картасына кол коюшту.
Ведомствонун маалыматына караганда, документ 12-октябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусунун алкагында кабыл алынды.
Жол карта бажы кызматтарын санариптештирүүгө, маалымат алмашууга, өткөрүү пункттарынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана бажылык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Ошондой эле "Бир аялдама" принцибин өнүктүрүү, контрабандага каршы күрөшүү жана тажрыйба алмашуу каралган.