Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, буга чейин "Байтик" көмөк чордонунан чыккан 10 кВ электр берүү чубалгысы реконструкцияланып, 115 жаңы мамы орнотулган. Ошондой эле зымдар заманбап СИП-3 зымдарына алмаштырылды.
"Учурда адистер 10 кВ чыңалуудагы реклоузерлерди программалоодо. Бул жабдуулар электр тармагынын айрым бөлүктөрүн аралыктан башкарууга жана авариялык учурда аларды ыкчам өчүрүп-күйгүзүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган жаткан иштер "Ала-Арча" паркын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого жана ШКУнун иш-чараларын өткөрүүгө энергетикалык инфраструктураны даярдоого багытталган.