Өлкөдө күз-кыш мезгилине камылгалар жаз чыгар менен эле башталган. Энергетиктер энергообъекттерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңылоо иштерин да колго алган. “Кабар” агенттиги кышты утурлай кандай даярдыктар жүрүп жатканын азын-оолак айтып берет.
Күз-кыш мезгилине карата Таш-Көмүр, Күрп-Сай, Үч-Коргон ГЭСтеринин агрегаттарында, Бишкек ЖЭБинде оңдоп-түзөө иштери планга ылайык жүргүзүлдү.

Өлкө боюнча жылытуу мезгилинде жалпы 3 млн 323 миң 60 тонна көмүр керектелет. Калк үчүн 1 млн 483 миң 600 тонна сарпталат. Бүгүнкү күндө 446 миң 300 тонна менен камсыздалды. Ал эми бюджеттик мекемелерге 319 миң 400 тонна кара отун керектелет. Учурда 163 миң тонна жеткирилди.

Республика боюнча Агартуу министрлигине караган 37 билим берүү уюму газ менен жылытылат, ал эми 2326и көмүр жагат. Ал эми 1010 мекеме электр энергиясын пайдаланат. Жалпысынан 3373 жылытылуучу объект болуп саналат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын тоолуу райондорундагы заставалар көмүр менен толук камсыздалды. Аларга жылуулук берүү иштери 5-октябрдан башталган.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдиргендей, Бишкек ЖЭБине кышкысын 1 млн 520 миң тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө 439 миң 800 тонна камсыздалды. Бул керектелчү көлөмдүн 29%ын түзөт.
“Камсыздоолор боюнча бардык келишимдер түзүлгөн. Талаптар боюнча өз убагында жеткирилүүлөр болуп жатат”, - деди министр.
Ал эми жалпы республика боюнча күз-кышка 45,5 миң тонна күйүүчү мазут керектелет. Анын ичинен Ош ЖЭБине – 23 миң тонна зарыл, учурда 9400 тонна жеткирилди. Бишкек ЖЭБине 1000 тонна керек, жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканаларга 21,2 миң тонна жумшалат. Бүгүнкү күндө 2700 тонна камсыздалды.
Жыл башынан бери “Кыргыз көмүр” ААК тарабынан 1 млн 417 миң тонна көмүр казылып алынды. Учурда өндүштүк тилкелерине 420дан ашык атайын техника тартылган. 231 социалдык топ база менен келишим түзүлүп, иш алып барууда. 15-октябрга карата жалпы 106 миң 974 тонна көмүр сатылды. Топ базаларда 43 миң 674 тонна көмүр бар.

Өлкө боюнча 462 миң абонент газга кошулган. Жыл башынан бери 70 чакырымдай газ түтүгү тартылды. Газдаштыруу жана долбоорлоо изилдөө иштери Ак-Босого, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы Биримдик, Селекционное конуштарында жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 13 миңдей турак жай газдаштырылды. Өлкөдө газдаштыруунун деңгээли 46%га жетти. 2036-жылга чейин бул көрсөткүчтү 60%га жеткирүү пландалууда.

Бишкек шаарында жылуулук берүүчү үч ишкана бар: Бишкек ЖЭБи, “Бишкек жылуулук тармагы”, “Бишкек жылуулукэнерго”.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Насипбек Керимовдун пикиринде, үч ишкана тең жылуулук берүү мезгилине толугу менен даяр. Жылуулук трассалары планга ылайык, оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңыртылды.

“Эгер абанын температурасынын төмөндөгөнү байкалса, биз ыкчам штабды чогултуп, чечим кабыл алып, жылуулук бере баштайбыз”, - деди ал.
Ал эми Ош шаарында эки жылуулук ишканасы бар: Борборлоштурулган жылуулук системасы калктын 60 пайызын тейлейт. “Ош жылуулук” ишканасы калктын 40 пайызына кызмат көрсөтөт.
Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдун айтымында, “Ош жылуулук” ишканасы тарабынан 110 млн сомго 1 чакырымга созулган жылуулук системасы жаңыланды. Ал эми “Ош жылуулукэнерго” ишканасында 111 откана бар, анын 90у көмүр, калганы электр энергиясы менен жылытылат.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жарандардын чалууларына күнү-түнү жооп берген колл-борбордо күз-кыш мезгилине карата кызматкерлердин саны көбөйтүлөрүн, иш күчөтүлөрүн билдирди.