Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Күн мурун "Ырыс-Ордо" конгресс-холунда өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XV пленардык отуруму жыйынтыкталып, Бишкек декларациясы кабыл алынды.
Парламентте билдиришкендей, анда отурумда каралган маселелер боюнча сунуш-пикирлер жана корутунду чечимдер камтылган.
Иш-чаралардын соңунда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев, Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстан Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш жана ТүркПАнын башкы катчысы Рамил Хасан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Ассамблеяга төрагалык кылуу милдетин алган Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бишкектеги ТүркПАнын XV пленардык отуруму "Жасалма интеллект жана технологиялык прогресс доорунда түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтык" темасында өткөнүн белгиледи.
Ошону менен катар аталган багыттагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулганын билдирип, төрт жаңы моделдик мыйзам кабыл алынганын эске салды.
Мындан тышкары, төрага Кыргызстан ТүркПАнын алкагында санариптештирүү жана жасалма интеллект жаатында, жаштар саясаты жана маданий-гуманитардык багыттарда кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.
Басма сөз жыйынында Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова Бишкектеги бул расмий сапарында Кыргызстан ыкчам ыргакта өнүгүп жатканын байкаганын баса белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу жаатындагы жагдайларга да токтолду.
Ал эми Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай боордош эки калктын алакасын чыңдоо боюнча өлкө жетекчилери жасап жаткан иштерди парламенттер да жигердүү улантышы керектигин айтып, мыйзам чыгаруу багытында тажрыйба алмашуу маселелерин көтөрдү.
Андан соң Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш жыйында каралган маселелерге учкай токтолуп, кийинки жыйынды өткөрүү вазыйпасы аларга ыйгарылып жатканын маалымдады.
ТүркПАнын башкы катчысы Рамил Хасан болсо XV пленардык жыйындын жыйынтыктары тууралуу кеңири баяндама жасады.
Ошондой эле ассамблеяга мүчө парламенттердин жетекчилери Бишкектеги отурумдар жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталып жатканын белгилешип, көрсөткөн колдоосу жана меймандостугу үчүн төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылыгын билдиришти.