ТүркПАнын кезектеги жыйыны Түркияда өтөт

Коом
ТүркПАнын кезектеги жыйыны Түркияда өтөт
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/ Күн мурун "Ырыс-Ордо" конгресс-холунда өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XV пленардык отуруму жыйынтыкталып, Бишкек декларациясы кабыл алынды. 

Парламенттен билдиришкендей, иш-чаралардын соңунда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев, Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстан Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш жана ТүркПАнын башкы катчысы Рамил Хасан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү. 

Анда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш жыйында каралган маселелерге учкай токтолуп, кийинки жыйынды өткөрүү вазыйпасы Түркияга ыйгарылып жатканын маалымдады.