ТүркПАнын жыйынында Зангезур коридорунун эл аралык мааниси белгиленди

Коом
ТүркПАнын жыйынында Зангезур коридорунун эл аралык мааниси белгиленди
copyright icon Кабар

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (КЭКУ ПА) башкы катчысы Асаф Гаджиев Зангезур коридорунун ачылышы дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймакта тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XV пленардык жыйынында айтты.

Анын айтымында, Кара деңиз аймагы эл аралык соода жана транспорттук байланыштар үчүн барган сайын маанилүү болуп жатат. Бул аймак аркылуу Кытай менен Европаны байланыштырган каттамдар жана "Түндүк - Түштүк" транспорт коридору өтөт.

Гаджиев Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден түстүү металлдарды, газ жана мунайды дүйнөлүк, анын ичинде Европа базарларына жеткирүүдө аймактын стратегиялык мааниси чоң экенин белгиледи.

Анын маалыматына караганда, узундугу болжол менен 40 чакырымды түзгөн Зангезур коридорунун ачылышы Борбор Азиядан Европага чийки заттарды жана башка товарларды ташууну жеңилдетип, транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Гаджиев бул маселе Азербайжан менен Арменияга гана эмес, аймактагы башка өлкөлөргө да тиешелүү экенин белгилеп, демилгени колдоого чакырды.

Мындан тышкары, ал технологиялардын жана жасалма интеллекттин өнүгүшү экономикалык, саясий жана социалдык процесстерге таасир этип жатканын айтып, түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөнүн жана маданий баалуулуктарын сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.