Бишкек, 01.03.26. /Кабар/. "Ала-Арча" жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбаев "Кабар" маалымат агенттигине парктын аймагында электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, электр энергиясы асма аркан жолунда эле эмес, авариялык кырдаалдан улам жалпы парк боюнча өчкөн.
"Учурда Аламүдүн райондук электр тармактарынын үч бригадасы көйгөйдү чечүү үчүн иштеп жатат. Асма аркан жолу генератордун жардамы менен ишин улантууда. Бул коноктордун коопсуз түшүүсүнө мүмкүндүк берет. Бардык жарандар аман-эсен. Ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн кечирим сурайбыз", — деп белгиледи парктын директору.
Буга чейин социалдык тармактарда "Ала-Арча" жаратылыш паркына келген коноктор асма аркан жолунда бара жатканда электр энергиясынын өчүрүлгөнү тууралуу видео тараган.