Акыркы беш жылда ӨКМге 7 млрд сомго 652 атайын техника алынды

Коом Загрузка... 27 Ноябрь 2025 11:42
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Акыркы 5 жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мамлекеттик бюджеттин эсебинен 7 млрд сомго 652 атайын техника алынды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 102си быйыл алынган.

"ӨКМдин техникалык паркы тарыхта болуп көрбөгөндөй тездик менен жаңыланууда.

Мындай ири жаңылануу президент Садыр Жапаровдун системалуу колдоосунун аркасында ишке ашып жатат. Өзгөчө кырдаалдардын жана климаттын өзгөрүү шартындагы табигый кырсыктардын көбөйүшүн эске алуу менен бийликтегилер куткаруучулардын даярдыгын жогорулатууну артыкчылыктуу багыт катары кароодо", - деп айтылат маалыматта.