"Акылдуу" күнөскана жана инновация: Айыл чарба тармагы жаңы деңгээлге чыгууда

Коом Загрузка... 11 Март 2026 11:02
WhatsApp Image 2026-03-11 at 10.54.58.jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөнүн агрардык секторун модернизациялоо жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча масштабдуу программаны ишке ашырууда.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2026–2027-жылдары кооперативдер аркылуу 2000 гектарга жакын аянт иштетилип, фермерлерге заманбап техникалар берилет. Бул демилгенин алкагында айыл жергесинде 120дан ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.

Ошондой эле түшүмдүүлүктү 25–35 пайызга жогорулатуучу "акылдуу" күнөсканаларды жана автоматташтырылган климатты көзөмөлдөө системаларын киргизүүгө басым жасалат.

Министрликтин стратегиясы сууну үнөмдүү пайдаланууга (тамчылатып сугаруу) жана топурактын асылдуулугун сактоого багытталган. Мындан тышкары, кургакчылыкка чыдамдуу, мисалы, DroughtGard жүгөрүсү сыяктуу жогорку түшүмдүү гибриддик сортторду колдонуу жайылтылат.

"Инновация, кооперация жана экологиялык жоопкерчилик айкалышкан учурда гана айыл чарба тармагы атаандаштыкка жөндөмдүү болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул кадамдар айыл чарбасын салттуу ыкмадан жогорку технологиялык индустрияга айлантууну көздөйт.