Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги АКШда коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) алуу жана узартуу тартиби күчөтүлгөндүгүн кабарлайт. Бул өзгөртүүлөр буга чейин жарыяланган маалыматтын уландысы болуп саналат.
Ведомствонун маалыматына караганда, АКШнын Транспорт министрлигинин жана Автотранспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча федералдык администрациясынын түшүндүрмөлөрүнө ылайык, CDL алууга же аны узартууга укук, эреже катары төмөнкү категориядагы адамдарга сакталат:
- АКШнын жарандарына;
- "грин-карта" ээлерине (АКШнын мыйзамдуу туруктуу жашоочуларына);
- АКШда айрым жумуш визаларынын негизинде жүргөн чет өлкөлүк жарандарга.
Ошондой эле иштөөгө уруксат (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) болгонуна карабастан, АКШнын федералдык органдары тарабынан таанылган тиешелүү иммиграциялык макамы жок учурда CDL алууга же узартууга кепилдик бербегендигине көңүл бурабыз.
ТИМ жарандарга штаттын ыйгарым укуктуу органдарынан талаптарды алдын ала тактоону, уруксат берүүчү документтердин колдонуу мөөнөттөрүн көзөмөлдөөнү жана федералдык ченемдерге мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү эске алууну кайрадан сунуштайт.