АКШда кармалган кыргыз жаранына консулдук колдоо көрсөтүлдү

Коом Загрузка... 17 Февраль 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-02-17 at 16.44.39.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. АКШда кармалган кыргыз жаранына консулдук колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, Чикаго шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкери Америкада кармалып, Boone County Jail абагында жаткан кыргыз жараны Б.Б. менен жолугуп, консулдук-укуктук кеңештерди берди.

Учурда АКШнын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Башкы консулдук абак администрациясы, АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын аймактык бөлүмү, ошондой эле жарандын туугандары менен тыгыз байланышта.

Буга чейин министрлик жарандын жакындары жана Кыргызстандагы трак компаниясынын өкүлү менен жолугушууларды өткөргөн.

Белгилей кетсек, 4-февралда АКШнын Индиана штатынын Жей округундагы жол кырсыгында төрт америкалык жаран мүрт кеткен. Анда киши өлүмүнө шектелип кыргызстандык айдоочу кармалган.