Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. Эгерде АКШда федералдык өкмөт жабылса, аскер кызматкерлери 15-ноябрдан тарта айлык маяналарын ала албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, учурдагы өкмөттүн жарым-жартылай жабылышы 1-октябрдан бери уланып жатат. Анткени, Конгресстеги республикачылар менен демократтардын бюджеттин бир катар беренелери боюнча, анын ичинде саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттар боюнча макулдашууга келе албай жатышат.
Пентагондун өкүлүнүн айтымында, учурда калган бюджеттик каражаттардан ноябрдын башында аскерлерге маяна төлөнөт. Бирок 15-ноябрдан кийин каржы тартыштыгынан улам өлкөнүн коопсуздугун камсыздаган аскер кызматкерлери маянасыз калышы мүмкүн.