Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. "Жүрөктү жылыткан жылдарым" китеби өлкөнүн “Уңгу жол” доктринасын ишке ашырууга салым кошот деп ишенем. Бул тууралуу академик Жамин Акималиев өзүнүн аталган китебинин бет ачар аземинде айтты.
Автор анда бул эмгегин президент Садыр Жапаровдун “Уңгу жол” доктринасын жүзөгө ашыруунун алкагында жазганын белгилеп, ал өлкөнүн өнүгүү багыттарына шайкеш келип, коомго тарбиялык жана таанып-билүүчүлүк салым кошо алат деген ишенимин билдирди.
“Бул китепке мен өзүмдүн өмүр жолум менен катар, кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери тууралуу эскерүүлөрдү камтыдым. Исхак Раззаков, Турдукан Усубалиев, Абсамат Масалиев, Төрөбай Кулатов, Болот Мамбетов, Султан Ибраимов, Акматбек Сүйүмбаев, Насирдин Исанов, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Койчубек Акназаров сыяктуу залкарлардын жасаган иштери өлкөнүн бүгүнкү “уңгу жол” идеологиясынын өзөгүнө шайкеш келет”,-деди ал.
Көркөм сөз жана искусствого жакын болгон автор китепте ошондой эле кыргыз маданиятынын каймактары жөнүндөгү эскерүүлөргө да кеңири орун берген.
“Молдобасан Мусулманкул уулу, Калый Молдобасанов, Кара Молдо, Саякбай Каралаев, Ыбырай Туманов, Алымкул Үсөнбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Насыр Давлесов сыяктуу белгилүү инсандардын басып өткөн жолу, чыгармачылыгы жана эбегейсиз эмгектери мамлекет үчүн да, коом үчүн да чоң өрнөк боло алат”,-деп белгиледи академик.
Белгилей кетсек, бүгүн Улуттук илимдер академиясында академик Жамин Акималиев “Жүрөктү жылыткан жылдарым” китебинин бет ачар аземи өттү. Ага окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окутуучулар, адабиятчылар, академиктин шакирттери менен жакындары катышты.