Академиялык инновациялык фонд кезектеги гранттык конкурсун жарыялады

Коом Загрузка... 09 Март 2026 12:35
WhatsApp Image 2026-03-09 at 12.31.47.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. Академиялык инновациялык фонддун (АИФ) гранттык конкурсунун экинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев билдирди.

Анын айтымында, аталган гранттык конкурс "Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" долбоорунун алкагында министрлик тарабынан ишке ашырылууда.

"Бүгүн биз конкурстун экинчи айлампасын жарыялап жатабыз. Анын негизги максаты — жогорку окуу жайларынын изилдөөчүлүк жана инновациялык потенциалын жогорулатуу. Ага мамлекеттик жана жеке менчик окуу жайлары катыша алат. Конкурс өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык уюштурулуп, экономиканын артыкчылыктуу тармактарында индустрия менен кызматташууга, климаттын өзгөрүүсү жана "жашыл" экономика боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле аймактык илимий долбоорлор менен өз ара байланыш түзүүгө багытталган", — деди ал.

Фонддун жалпы бюджети 4 млн АКШ долларын түзөт. Ал эми бир гранттын максималдуу суммасы 200 миң АКШ долларына чейин, ишке ашыруу мөөнөтү 36 айга чейин.

Ошондой эле Козуев кошумчалагандай, аталган долбоор өзгөчө макамга ээ болгон 5 университеттин базасында Изилдөө инновациялар борборун түзүү, экономиканын артыкчылыктуу тармактарында университеттер аралык изилдөө иштерин колдоо үчүн АИФти түзүү жана ЖОЖдордо сапатты камсыз кылуу үчүн түзүмдөрүн жана аккредитацияны жакшыртуу сыяктуу демилгелерди колдойт.