Айыл чарбасын колдоонун 5 жылдык планы: Кореялык уюм менен жаңы долбоорлор ишке ашат

Коом Загрузка... 29 Апрель 2026 15:11
60386f8bc99ac-thumb.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кореяга болгон сапарынын алкагында Good Neighbors International эл аралык гуманитардык уюмунун башкы катчысы менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда фермерлерди колдоо аркылуу айыл аймактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, чакан соода-логистикалык борборлорду жана чакан кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча демилгелер каралды. Уюмдун өкүлдөрү Баткен облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат беришти.

Акунбеков мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгилеп, өлкө калкынын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашап, алардын негизги киреше булагы айыл чарбасы экенин айтты.

Өз кезегинде гуманитардык уюмдун өкүлдөрү алдыдагы 5 жылга кызматташуу планы даярдалып жатканын билдирип, Кыргызстанда айыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталган жемиштүү кызматташууга үмүт артышарын белгилешти.

Министрлик тарабынан да кызматташтыктын кошумча багыттары сунушталып, алар суу менен камсыздоо, өсүмдүк өстүрүү жана бакчачылык тармактарын камтыды.