Айдоочуларга эскертүү! Ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом Загрузка... 12 Декабрь 2025 12:29
597645359_1169499155358829_447055361396750533_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 13-декабрдан 15-декабрга жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү мүмкүнчүлүгү бар.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон негизги ашуулар:

  • Бишкек – Ош унаа жолу: 121–138 чакырым (Төө-Ашуу ашуусу)
  • Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайлары: 198–255 чакырым
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолу: 68–74, 86–101 чакырым (Чапчыма ашуусу)
  • Красная Горка – Ак-Таш унаа жолу: 0–3 чакырым
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолу: 40–90 чакырым
  • Каракол – Эңилчек автоунаа жолу: 45–90 чакырым (Чоң-Ашуу ашуусу)
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолу: 326–349 чакырым (Көк-Арт ашуусу)

Жолдо жүргөн жарандардан сак болуу жана зарыл болгон учурда жол кыймылын чектөө сунушталат.