Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Чүй проспектинин бир бөлүгүндөгү курулуш иштерин текшерди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жетекчилигине кайрылып, алар тарабынан курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын айткан.
Мэр курулуш ченемдери жана эскиздик долбоор сакталбагандыктан, курулган конструкцияларды бузуп, жашыл аймак менен фонтанды баштапкы абалына келтирүүнү талап кылды.
Ошондой эле шаар башчысы компания үч күндүн ичинде демонтаж иштерин баштабаса, анда иштерге Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тартыларын эскертти.