АИ-95 бензинине бааларды мамлекеттик жөнгө салуу токтотулду

Министрлер кабинети Загрузка... 08 Июль 2026 11:25
737370177_3896344270508743_7412603891497925064_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинети экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана улуттук экономиканын субъекттерин мамлекеттик колдоо максатында күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизди.

Токтомго ылайык, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

  • Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизилип, социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен Аи-95 үлгүсүндөгү бензин алынып салынды.
  • Ошондой эле министрлер кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 "Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пунктунун 2-пунктчасынан "максималдуу чекене бааларды белгилөө менен" деген сөздөр алынды.

Бул чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.