"Агродиалог – 2026": Ашкабак өстүргөн жаш дыйкан чемпион аталды

Коом Загрузка... 19 Февраль 2026 10:17
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Бишкекте 18-21-феврал күндөрү "Агродиалог – 2026" айыл чарба форуму өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан дыйкан-фермерлер катышып, өз тармактарында эң жакшы жыйынтык көрсөткөндөр аныкталып, ийгиликтүү тажрыйбалар жана мыкты дыйкандардын жетишкендиктери сунушталууда.

Анын ичинде айсберг салатын жана Япониядан алып келинген ашкабактын уругун колдонуп, ашкабак өстүрүүдө өзгөчө жыйынтыкка жетишкен дыйкан тааныштырылды.

Туура агротехнологияларды колдонуу жана сапаттуу үрөндүн негизинде ал бүгүнкү күндө жогорку көрсөткүчтөргө жетип, чемпион аталып отурат.

Бул мисал "Агродиалог–2026" форуму дыйкан-чарбалар үчүн тажрыйба алмашуунун, инновациялык ыкмаларды жайылтуунун жана айыл чарбасындагы чемпиондорду аныктоонун маанилүү аянтчасы экенин дагы бир жолу далилдейт.