Афганистандагы жер титирөөдөн 850дөн ашуун адам жаракат алды

Дүйнө Загрузка... 05 Ноябрь 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-11-05 at 08.51.05.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Афганистанда катталган жер титирөөдөн 27 адам каза болуп, 850дөн ашууну жаракат алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, жабыркагандардын 400дөн ашууну аймактагы ооруканаларга жеткирилген. Бирок, бул медициналык жайлардын айрымдары да жер титирөөдөн жабыркаган.

ДСУнуе өкүлү Кристиан Линдмейер учурда издөө-куткаруу иштери уланып жатканын жана курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

Эске салсак, Афганистанда буга чейин 1-сентябрь күнү да Афганистанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан 2200дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган. Бул акыркы жылдардагы өлкөдөгү эң ири табигый кырсыктардын бири болгон.