Бишкек, 02.10.26 /Кабар/. Афганистандын Гиндукуш тоолорунда күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.
Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кундуз шаарынан 70 чакырым түштүктө, 50 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Кундуз шаарында 161 миңге жакын адам жашайт. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.