Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кайра жогорулады

Дүйнө
Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кайра жогорулады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кайра кымбаттады.

Интерфакс маалымдагандай, Brent мунайы Лондондогу ICE Futures биржасында 0,64 (0,59%) долларга жогорулап, баррелине 109,43 долларды түздү.

Ал эми WTI мунайы NYMEX биржасында 0,84 (0,86%) долларга өсүп, баррели 98,66 доллар боллу.

Эске салсак, буга чейин Brent мунайынын баасы баррелине 111,32 долларга, WTI мунайы баррелине 100,4 долларга чейин жеткен.