БУУ: Дүйнөлүк температура 2,6 градуска чейин жогорулашы мүмкүн

Дүйнө
БУУ: Дүйнөлүк температура 2,6 градуска чейин жогорулашы мүмкүн

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Дүйнөлүк температура 2,6 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Эксперттер климаттык коркунучтар күчөп жатканын белгилеп, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын тез арада кыскартууга чакырышууда. Бул тууралуу БУУга шилтеме берүү менен Казинформ маалымдады.

БУУнун Айлана-чөйрө программасынын (ЮНЕП) 2026-жылга карата парник газдарынын бөлүнүп чыгышы боюнча баяндамасында, өлкөлөр климат боюнча кабыл алган бардык милдеттенмелерин аткарган күндө да глобалдык температура 2,6 градуска чейин жогорулашы мүмкүн экени айтылат.

Эксперттердин маалыматы боюнча, жылуулуктун күчөшүнө байланыштуу божомолдор былтыркыга салыштырмалуу начарлаган.

Ошол эле учурда глобалдык жылуулуктун кесепеттерин чектөөгө мүмкүнчүлүк бар. Эксперттер белгилегендей, кылымдын орто ченинде температуранын жогорулашы 1,7–1,8 градустан ашпашы үчүн парник газдарынын бөлүнүп чыгышын 2025-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 2030-жылга чейин 18%, 2035-жылга чейин 45%, ал эми 2040-жылга чейин 69% кыскартуу зарыл.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш температуранын 1,5 градустук чектен ашышы климаттын өзгөрүшүн токтотууга мүмкүнчүлүк калбайт дегенди билдирбей турганын белгиледи.

“Температуранын белгиленген чектен ашышы — багынып берүү дегендик эмес. Биз анын жогорулашын жана бул абал канча убакытка созуларын дагы деле чектей алабыз. Кылымдын аягына чейин температураны кайрадан 1,5 градустан төмөн түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бар”, — деди ал.

ЮНЕПтин аткаруучу директору Ингер Андерсен температуранын ар бир кошумча жогорулашы кооптуу климаттык кубулуштардын коркунучун арттырарын эскертти. Алардын катарына кыйратуучу суу ташкындары, аптаптуу ысык жана токой өрттөрү кирет.

Ошол эле учурда буга чейин көрүлгөн чаралар натыйжа берип жатканы белгиленди. ЮНЕПтин баалоосуна ылайык, электр энергетикасындагы климаттык саясаттын аркасында зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышы орточо 9%га кыскарган. Ал эми көмүртек салыгы жана зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууга квота берүү сыяктуу экономикалык механизмдер ар кандай тармактарда бул көрсөткүчтү 5–13%га азайтууга мүмкүндүк берген.

Кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүдө да жылыш бар. Париж келишими кабыл алынгандан бери дүйнөдө кайра жаралуучу энергиядан электр өндүрүүчү кубаттуулуктар күтүлгөндөн үч эсе тез өскөн. Ал эми күн энергиясын пайдалануунун өсүү темпи жети эсеге жогорулаган.

Эксперттер климаттык максаттарга жетүү үчүн көмүр, мунай жана газ сыяктуу казылып алынган отундарды колдонууну азайтуу зарылдыгын белгилешет. Атап айтканда, 2025-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2035-жылга чейин дүйнөлүк энергия менен камсыздоодо көмүрдүн үлүшүн кеминде 55%га, мунайды 15%га, газды 5%га кыскартуу керек. Ал эми 2040-жылга чейин бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 75%, 30% жана 35% болушу зарыл.

Мындан тышкары, метандын бөлүнүп чыгышын 2035-жылга чейин кеминде 25%га, 2040-жылга чейин 40%га азайтуу талап кылынат.

ЮНЕП климаттык максаттарга жетүү үчүн натыйжалуулугу далилденген чараларды кеңири колдонуу, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүнү тездетүү жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилейт.