Россия, Кытай жана АКШ дүйнөлүк рынокко мунай жеткирүүнү көбөйтөт

Дүйнө
Россия, Кытай жана АКШ дүйнөлүк рынокко мунай жеткирүүнү көбөйтөт
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Россия, Кытай жана АКШ мунай продуктуларын өндүрүүнү жана жеткирүүнү көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Интерфакс үч өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунан кийин жарыяланган декларацияга шилтеме келтирип жазды.

Анда мындай макулдашуу бардык өлкөлөрдүн пайдасы үчүн кабыл алынганы белгиленет.

Россиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамп үч тараптуу жолугушууда туруктуу энергия менен камсыздоонун маанилүүлүгүн да ырасташты.

Белгилей кетсек, үч лидер Кытайдын Шэньчжэн шаарында жолугушту. Анда алар БУУну реформалоо, эл аралык терроризмге каршы күрөшүү өңдүү бир катар глобалдык маселелерди да талкуулашты.