Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Индиянын чыгышындагы Одиша штатында жакындап келе жаткан “Акван” тропикалык бороонунан улам 80 миңден ашык адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул тууралуу ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, бийлик бороондун кесепеттерин алдын алуу максатында жалпысынан 200 миңге жакын адамды эвакуациялоону пландоодо. Учурда штатта куткаруучулардын 74 тобу иш алып барууда. Алардын 60ы өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү бөлүмдөрү.
Ошондой эле циклон коркунучуна байланыштуу штаттын алты районунда мектептердеги сабактар 21-ноябрга чейин токтотулду.
Андан сырткары Бенгал булуңунун жээгинде жайгашкан Андхра-Прадеш штатында да бороонго байланыштуу жогорку даярдык режими киргизилди.
Индиянын метеорологиялык департаментинин маалыматы боюнча, бороон жээкке жакындаганда шамалдын ылдамдыгы саатына 110 чакырымга чейин жетиши мүмкүн. Синоптиктер нөшөрлөгөн жаан-чачын, айрым аймактарда өтө катуу жаан күтүлүп жатканын эскертишти.