Куш тумоосу: Индияда 26 миң үй канаттуусу жок кылынат

Дүйнө
Куш тумоосу: Индияда 26 миң үй канаттуусу жок кылынат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында куш тумоосунун жайылышына байланыштуу 26 миңден ашык үй канаттуусу жок кылынат. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, куш тумоосу штаттын Алаппужа районундагы эки чарбадан аныкталган. Вирус бөдөнө, өрдөк жана тооктордон табылган.

Оорунун жайылышына жол бербөө үчүн аймакта 6 ыкчам топ иштеп жатат. Дагы 2 топ зарыл болгон учурда ишке тартылуу үчүн даяр турат.

Мындан тышкары, оорунун очогу аныкталган чарбалардын айланасындагы 10 чакырым радиустагы аймак көзөмөл зонасы деп жарыяланды.

Белгилей кетсек, куш тумоосу — канаттуулар арасында тез жайылуучу жугуштуу оору. Аны пайда кылган H5N1 вирусу айрым учурларда адамдарга да жугушу ыктымал.