Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Француз сүрөтчүсү Шарль Лебрендин 81 жыл мурун жоголгон “Ыйык үй-бүлө” аттуу картинасы Германиянын Потсдам шаарына кайтарылды. Эми ал Жаңы сарайда кайрадан көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу BILD басылмасы жазды.
1655-жылдары тартылган картинаны болжол менен бир кылым өткөндөн кийин Пруссиянын королу Улуу Фридрих сатып алган.
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда чыгарма Бранденбургдагы Райнсберг сепилине жеткирилип, 1945-жылдын жай айларында дайынсыз жоголгон.
Арадан 76 жыл өткөн соң, 2021-жылы картина Берлиндеги чакан аукциондордун биринен табылган. Аны канадалык коллекционер сатып алган. Кийин ал чыгарманын тарыхын өз алдынча изилдеп чыгып, Потсдамга таандык экенин аныктаган жана кайтарып берүүнү чечкен.
Андан соң Пруссия сарайлары жана бакчаларынын достор коому менен Эрнст фон Сименс атындагы көркөм фонд коллекционер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, картинаны кайтарып алуу боюнча келишим түзүшкөн. BILD басылмасынын маалыматына караганда, коллекционерге бир нече жүз миң евро компенсация төлөнгөн.
17-ноябрдан тарта картина Потсдамдагы Жаңы сарайда кайрадан көрүүчүлөргө көрсөтүлүүдө.