Түштүк Кореяда никеге туруудан баш тарткандар көбөйдү

Дүйнө
Түштүк Кореяда никеге туруудан баш тарткандар көбөйдү
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Түштүк Кореянын жашоочуларынын дээрлик 70 пайызы түгөйлөр расмий никеге турбастан чогуу жашаса болот деп эсептейт. Бул тууралуу Kazinform өлкөнүн Маалыматтар жана статистика министрлигинин сурамжылоосуна таянып жазды.

Изилдөөгө ылайык, сурамжылоого катышкандардын 67,8 пайызы мындай көз карашты колдойт. Ал эми 20–30 жаштагы жаштар арасында бул көрсөткүч 80 пайыздан ашат. 2012-жылы респонденттердин 45,9 пайызы гана никеге турбастан чогуу жашоону туура деп эсептеген.

Сурамжылоого катышкандар никеге туруудан баш тартуунун негизги себеби катары каржылык каражаттын жетишсиздигин аташкан.

Мындан тышкары, Түштүк Кореянын жашоочуларынын 38,1 пайызы никесиз балалуу болууну да кабыл алууга болот деп эсептейт. Ошол эле учурда респонденттердин 55 пайызы үй-бүлө куруу үчүн расмий никеге туруу зарыл деген пикирде.