Европа космостогу таштандыларды тазалоо үчүн атайын аппарат учурат

Дүйнө
Европа космостогу таштандыларды тазалоо үчүн атайын аппарат учурат
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Европа космос агенттиги иштен чыккан спутниктерди кармап, космостон чыгарууга арналган атайын аппаратты орбитага учурууну пландап жатат. Бул тууралуу BILD басылмасы жазды.

Аталган технологияны иштеп чыгууга 102 млн евродон ашык каражат бөлүнгөн.

Долбоорду Германиянын OHB компаниясы жетектеген эл аралык консорциум ишке ашырат. ClearSpace-1 миссиясын 2030-жылы учуруу пландалууда.

Миссиянын алгачкы максаты 2001-жылы учурулган PROBA-1 спутниги болот. Атайын аппарат ага өз алдынча жакындап, төрт роботтук манипуляторунун жардамы менен кармайт. Андан соң эки аппарат тең Жердин атмосферасына багытталып, атмосферада күйүп жок болушу керек.

Мындай технологияга болгон муктаждык орбитадагы космостук таштандылардын көбөйүшүнө байланыштуу өсүүдө. Европа космос агенттигинин маалыматына ылайык, учурда Жердин айланасында 47 миңден ашык объект байкоого алынган. Ал эми көлөмү 1 сантиметрден 10 сантиметрге чейинки майда сыныктардын саны 1,5 миллионго жетиши мүмкүн.

Кыймыл ылдамдыгы өтө жогору болгондуктан, мындай майда сыныктар да иштеп жаткан спутниктерге зыян келтириши мүмкүн.