Бишкек, 25.08.26 /Кабар/. Эл аралык космос станциясынын (МКС) экипажы бүгүн станциянын сыртына чыгып, жаңы байланыш антеннасын орнотуу иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу NASA агенттигине таянып, Интерфакс маалымдады.
Ачык космоско NASAнын астронавты Анил Менон жана Европа космос агенттигинин (ESA) астронавты Софи Адено чыгат. Алар станциянын Z1 фермасына Жер менен жогорку ылдамдыкта маалымат алмашууну жана үн байланышын камсыздай турган жаңы антеннаны орнотуп, туташтырышат.
Буга чейин, 18-августтагы ачык космоско чыгууда астронавттар станцияда колдонулуп келген эски антеннаны алып, аны станциянын сырткы платформасына жайгаштырышкан. Бирок иштердин пландалгандан узакка созулушуна байланыштуу жаңы антеннаны орнотууга жетишпей калышкан.
Астронавттардын ачык космостогу иштери болжол менен 6,5 саатка созулат.
Бул станцияны куруу, техникалык тейлөө жана жаңылоо иштеринин алкагындагы 283-чыгуусу болуп эсептелет.
Учурда станцияда жети адамдан турган экипаж иштеп жатат.