Көчмөндөр оюндары: Медиктер конокторду ден соолугуна көңүл бурууга чакырды

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 11:23
IMG_2088.jpeg
IMG_2089.jpeg
IMG_2090.jpeg
IMG_2091.jpeg
IMG_2092.jpeg
IMG_2093.jpeg
IMG_2094.jpeg
IMG_2095.jpeg
IMG_2096.jpeg
IMG_2097.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2088.jpeg
IMG_2089.jpeg
IMG_2090.jpeg
IMG_2091.jpeg
IMG_2092.jpeg
IMG_2093.jpeg
IMG_2094.jpeg
IMG_2095.jpeg
IMG_2096.jpeg
IMG_2097.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө медициналык кызматкерлер бардык негизги аянтчаларда нөөмөттө болуп, жардамга муктаж жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнү улантууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кайрылуулардын арасында көбүнчө жеңил жаракаттар, кан басымдын жогорулашы, кант диабети жана аллергия сыяктуу өнөкөт оорулардын күчөшү кездешүүдө. Ошондой эле аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу тамак сиңирүү системасынын бузулушу жана суук тийүүгө мүнөздүү белгилер менен кайрылгандар бар.

Медициналык кызматкерлер оюндардын катышуучуларын жана конокторун аба ырайына ылайык кийинүүгө, жетиштүү суу ичүүгө, өнөкөт оорулары бар болсо дары-дармектерин өздөрү менен алып жүрүүгө чакырат.

“Ошондой эле жарандарга кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөө, тайгак жана тегиз эмес жерлерде этият болуу сунушталат”, - деп айтылат маалыматта.

Өзүн начар сезген учурда абалы оорлошуп кетпестен, жакынкы медициналык пунктка же тез жардам кызматкерлерине өз убагында кайрылуу керектиги белгиленди.