Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Камчаткада бир жуманын ичинде 62 сейсмикалык окуя катталып, алардын 6 учуру калктуу конуштарда сезилген. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы жети күндө катталган жер титирөөлөрдүн алтоо 4 баллдын тегерегинде болуп, тургундарга сезилген.
Россия Илимдер академиясынын Геофизикалык кызматынын Камчатка филиалынын маалыматына караганда, аймакта жер титирөөлөрдүн активдүүлүгү азырынча кадимки орточо деңгээлде.
Эске салсак, 2025-жылдын 30-июлунда Камчаткада 8,8ге жеткен күчтүү жер титирөө болгон. Ал 1952-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө катары катталган. Зилзаладан кийин Түндүк-Курилск шаарында цунами болуп, суунун көтөрүлүшү болжол менен 200 метрге жеткен.
Окумуштуулардын айтымында, учурда афтершок процесси кадимки сценарий боюнча уланууда.