Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан ири иш-чараларга байланыштуу Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандардын саламаттыгын жана коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүүдө.
ИИМден билдиришкендей, медициналык кызматкерлер иш-чаранын катышуучуларына, конокторго жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зарыл медициналык жардам көрсөтүп жатышат.
“Аймакта медициналык адистердин нөөмөтү уюштурулуп, зарыл учурда биринчи жардамды ыкчам көрсөтүүгө даяр турушат”,–деп айтылат маалыматта.