Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жактан камсыздоого тартылган объектилерди кыдырып, Бишкек шаарынан Кырчын жайлоосуна чейинки негизги локациялардагы медициналык кызматтардын даярдыгы менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жайгашкан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мобилдик клиникасында болуп, медициналык кызматкерлер жаракат алган казакстандык улакчыга ыкчам жардам көрсөтүп жаткан учурга күбө болду.
“Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан бардык негизги локацияларда медициналык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, катышуучуларга жана конокторго өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, тиешелүү медициналык кызматкерлер жана жабдуулар даярдыкта турат.