Жакында Кыргызстан биринчи спутнигин космоско учурат. Эксперттердин пикири

Санарип Кыргызстан 25 сентябрь 2026 18:30
Жакында Кыргызстан биринчи спутнигин космоско учурат. Эксперттердин пикири
copyright icon WWW
Кабар

Кыргызстан биринчи спутнигин космоско учурууга даярданууда. Аппаратты октябрдын биринчи жумасында АКШнын Калифорния штатынан космоско чыгаруу пландалууда. Спутник Кыргызстанда "Кыргыз Асман" ачык акционердик коому тарабынан иштелип чыгып, чогултулган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

24-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбеков спутникти түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Аны иштеп чыгууга жана чогултууга болжол менен 2,5 жыл убакыт кеткен. Учурда адистер негизги компоненттерди чогултууну аяктап, электрондук жабдууларды орнотуп, системаларды текшерип жатышат.

Алдын ала маалымат боюнча, аппаратты 1-октябрда америкалык SpaceX компаниясына таандык ракета менен учуруу пландалууда.

Негизги багыты – айыл чарбасы

Спутниктен алынган маалыматтарды колдонуунун негизги багыты айыл чарбасы болот. Алар айдоо аянттарынын абалын көзөмөлдөөгө, айыл чарба жерлерин жана жайыттарды талдоого, кургакчылыктын белгилерин аныктоого жана түшүмдүүлүктү алдын ала баалоого мүмкүнчүлүк берет.

"Спутниктен тартылган сүрөттөр айыл чарба тармагында болжолдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошондой эле айлана-чөйрөнүн абалын талдоого, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого, мөңгүлөргө жана суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок спутник биринчи кезекте айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн колдонулат", – деди Эрлист Акунбеков.

Техника илимдеринин доктору, профессор, Машина таануу, автоматика жана геомеханика институтунун директору Бактыбек Султаналиев өз спутнигинин учурулушу Кыргызстанга спутниктен алынган өзүнүн маалыматтарына ээ болууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

"Кыргызстан үчүн бул чындыгында маанилүү кадам – өлкө биринчи жолу өзүнүн спутнигин учурат. Спутник башка өлкөлөрдүн эмес, өзүнүн спутниктен алынган маалыматтарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берет", – деди ал.

Анын айтымында, мындай маалыматтар өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүдө, мөңгүлөргө байкоо салууда, суу ресурстарынын жана айыл чарба жерлеринин абалын көзөмөлдөөдө абдан зарыл.

Буга чейин Кыргызстандагы окумуштуулар жана адистер айрым тармактардагы милдеттерди чечүү үчүн эл аралык спутниктик программалардан жана коммерциялык спутниктерден алынган маалыматтарды пайдаланып келишкен.

Экологиялык мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Спутниктен алынган маалыматтар айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш объектилеринин абалын көзөмөлдөө үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Эколог, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис Увасип Аманбаев спутниктик технологиялар чоң аймактардагы экологиялык көйгөйлөрдү аныктоодо пайдалуу болорун белгиледи.

"Спутниктин пайдасы абдан чоң. Экология жагынан мониторинг жүргүзүүгө болот: абанын абалы кандай, кайсы жерде кандай көйгөйлөр бар, кандай экологиялык маселелер жаралганын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт", – деди адис.

Ошол эле учурда ал спутниктен алынган маалыматтарды натыйжалуу пайдалануу үчүн аларды иштеп чыгуу, талдоо жана болжолдоо иштерин жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

"Бул үчүн чоң каражат талап кылынат. Спутниктен алынган маалыматтарды талдап, иштеп чыгып, өзүнчө болжолдоолорду жүргүзүп, ошонун негизинде чечимдерди кабыл алуу керек. Ошондуктан спутниктин пайдасы, өзгөчө экология тармагында, чоң. Бирок чыгымдарды да эске алуу зарыл", – деди Аманбаев.

Космос тармагын өнүктүрүүдөгү алгачкы кадам

Бактыбек Султаналиевдин пикиринде, долбоордун мааниси спутниктен алынган сүрөттөр менен гана чектелбейт. Аппаратты өлкөнүн ичинде түзүү жаңы инженердик тажрыйба топтоого жана космостук технологияларды мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзөт.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы өлкөнүн космос тармагын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга катышууда. Анда Жерди аралыктан изилдөөнүн улуттук инфраструктурасын түзүү, мейкиндиктик маалыматтарды ведомстволор аралык алмашууну өнүктүрүү, спутниктик технологияларды мамлекеттик башкарууга киргизүү, ошондой эле ата мекендик илимий изилдөөлөрдү, инновациялык ишмердүүлүктү жана космостук технологияларды коммерциялык максатта пайдаланууну өнүктүрүү каралган.

"Биринчи спутник Кыргызстандын илиминде революция жасайт деп айтууга болбойт. Бирок буга чейин таптакыр болбогон нерсеге – өзүнүн космостук маалыматтарына, жаңы инженердик тажрыйбага жана жаштар үчүн үлгүгө негиз түзөт. Ошондой эле илимди артыкчылыктуу багыт катары кароого түрткү берет. Бул деле аз эмес", – деди окумуштуу.

"Кыргыз Асман" ачык акционердик коомунун жалгыз акционери – Кыргызстандын министрлер кабинети. Жалгыз акционердин укуктарын ишке ашыруу функциясын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аткарат.

Спутник учурулгандан кийин биринчи кезекте айыл чарбасы үчүн маалымат алуу, ошондой эле жаратылыш ресурстарына, айлана-чөйрөгө жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерине мониторинг жүргүзүү максатында колдонулат.