Кытайлык астронавттар космосто 90 илимий эксперимент өткөрүшөт

Дүйнө
Кытайлык астронавттар космосто 90 илимий эксперимент өткөрүшөт
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.26. /Кабар/. Кытай "Шэньчжоу-24" космостук миссиясынын жүрүшүндө 90 илимий эксперимент жана технологиялык сыноолорду өткөрүүнү пландаштырууда. Кытайдын орбиталык станциясынын бортунда биринчи чет элдик космонавттын катышуусунда космостук кемени учуруу 25-ноябрга пландалганын Синьхуа агенттиги билдирүүдө.

Кытайдын Космостук учуулар программасынын башкармалыгынын маалыматы боюнча, изилдөө космос биологиясы, материал таануу, суюктук физикасы жана микрогравитациялык шарттарда күйүү процесстери, фундаменталдык физика, космостук медицина жана жаңы космостук технологиялар сыяктуу тармактарды камтыйт.

Ошондой эле, Кытай “Тяньгун” орбиталык станциясына жөнөтүлө турган "Шэньчжоу-24" космостук кемесинин экипажын жарыялады. Анын курамында кытайлык астронавттар Тан Хунбо жана Ву И, ошондой эле Пакистандан келген Мухаммед Зишан Али бар.

Мурда "Шэньчжоу-12" жана "Шэньчжоу-17" миссияларына катышкан Тан Хунбо экипаждын командири болуп дайындалды. Ал Кытайдын "Тяньгун" орбиталык станциясына үч жолу барган биринчи астронавт болот. Ал эми кытайлык астронавттардын үчүнчү тобунун мүчөсү Ву И үчүн алдыдагы миссия анын биринчи космоско учуусу. Ошол эле учурда, Мухаммед Зишан Али Кытайдын орбиталык станциясына келген биринчи чет элдик астронавт катары калат.

"Шэньчжоу-24" космос кемесин учуруу 25-ноябрга белгиленген.