Бишкек, 20.11.26 /Кабар/. Италиянын Лампедуза аралына жакын жерде мигранттар түшкөн кайык оодарылып кеткен. Жээк күзөт кызматы 50гө жакын адамды куткарган, бирок бир кыз дайынсыз болууда. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирди.
Куткарылгандар түн ортосунда аралга жеткирилген. Дайынсыз болуп жаткан кыздын апасы медициналык пунктка жеткирилип, Кызыл Жарым Ай уюмунун адистери ага психологиялык жардам көрсөтүүдө.
Ошол эле учурда Сицилия аралынын жээгинде дагы бир куткаруу операциясы жүргүзүлгөн. Поццалло портунан болжол менен 250 чакырым алыстыкта бортунда 55 мигрант болгон чакан балык уулоочу кеме табылган. Ал ачык деңизде калкып жүргөн.
Кемеден берилген Mayday (кырсык тууралуу) сигналы анын жайгашкан жерин аныктоого жардам берген. Издөө-куткаруу иштерине Европанын Frontex агенттигинин учагы, Италиянын Финансылык гвардиясынын тик учагы, соода кемелери жана өлкөнүн Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык кеме катышкан.
Куткаруу операциясы түнү бою аба ырайынын татаал шартында тактап айтканда, көрүү начарлап, деңиз толкундап турган учурда уланган. Натыйжада кемедеги 55 адамдын баары куткарылган. Алдын ала маалымат боюнча, алардын абалы канааттандырарлык. Кеме жакынкы сааттарда Поццалло портуна жетери күтүлгөн.