Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Португалиянын борбордук бөлүгүндө нөшөрлүү жаандан улам жер көчкү түшүп, сел жүрдү. Мантейгаш шаарында ылай аралаш суу үйлөрдү, көчөлөрдү жана унааларды каптады. Эки адам турак жайсыз калды. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирди.
Табигый кырсык шаарда 19-ноябрга караган түнү болгон. Унаа жолдогу жер көчкү суунун нугун өзгөртүп, натыйжада суу жана ылай турак жайларды каптаган. Айрым унаалар толугу менен суу алдында калган.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга кеминде 120 куткаруучу жана 42 атайын техника тартылган. Муниципалитетте өзгөчө кырдаалдар планы киргизилген.
Калаа мэри Флавиу Массанунун айтымында, ушул жылдын февраль айында тоо боорунан түшкөн ылай массасы катуу жаандан кийин шаарга чейин жетип, көчөлөрдү жана көпүрөлөрдү каптаган.
Аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу башталгыч мектептер жана айрым бала бакчалар жабылган. Жабыркагандар жана дайынсыз жоголгондор жок. Турак жайсыз калган эки тургунга жардам көрсөтүлгөн.
Куткаруучулар жолдорду тазалап, унаа кыймылын калыбына келтирүү иштерин улантууда. Бул иштер дагы бир нече күнгө созулушу мүмкүн.