ЖИ Кытайда экономикалык өсүштүн жаңы кыймылдаткыч күчүнө айланууда

Дүйнө
ЖИ Кытайда экономикалык өсүштүн жаңы кыймылдаткыч күчүнө айланууда

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Жасалма интеллект Кытайдын экономикасынын өсүшүнө жана өнөр жайдын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда. Бул тууралуу Кытайдын Улуттук статистика бюросунун өкүлү Ван Гуанхуа билдиргенин Казинформ жазды.

2026-жылдын тогуз айында санариптик продукция өндүрүшү ири өнөр жай секторунун өсүшүнө 33%дан ашык салым кошкон. Микросхемалардын өндүрүшү 23,3%, акылдуу өнөр жай жабдуулары 30,6% өскөн. Маалыматтык технологиялар жана программалык камсыздоо тармагынын кошумча наркы 10,4% жогорулаган.

Ошондой эле жасалма интеллект колдонулган акылдуу түзмөктөрдүн сатылышы 70%дан ашык, автоматташтырылган дүкөндөрдүн сатуу көлөмү 25%дан көп өскөн. Электрондук схемаларды өндүрүүгө инвестициялар 58,7% көбөйүп, кытайлык электрондук компоненттердин экспорту 70%га жогорулаган.

Ван Гуанхуанын айтымында, Кытайдын өнүккөн өнөр жай чынжыры, чоң көлөмдөгү маалыматтары жана ички рыногунун кеңдиги жасалма интеллектти мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт.