Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Apple Inc. компаниясы 28-октябрда Лос-Анжелесте Pro and Tell иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, анда компания сенсордук экрандуу биринчи MacBook, M6 чипи менен жаңы бюджеттик MacBook Pro, ошондой эле жаңыртылган iMac жана iPad mini'лерди сунуштайт деп күтүлүүдө.
Сенсордук экрандуу MacBook OLED дисплей жана iPhone сыяктуу Dynamic Island интерфейсине ээ болот. Бул технологиялар Mac'та биринчи жолу колдонулат. Компьютер март айында киргизилген MacBook Pro'нун учурдагы версиялары сыяктуу эле M5 Pro жана M5 Max чиптери менен иштейт.
Компаниянын чекене дүкөндөрү жаңы продукцияларды 6-ноябрда сатыкка чыгарууга даярданып жатат.