"Ачык кабинет": Маданият министри ШКУнун диалог жыйынына катышууда

Коом Жүктөлүүдө... 14 Июль 2026 10:44
WhatsApp Image 2026-07-14 at 10.38.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 10.38.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 10.38.41 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 10.38.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-14 at 10.38.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 10.38.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 10.38.41 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 10.38.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин бир иш күнүн чагылдырылган “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоору уланууда.

Улуттук тарых музейиндеги аппараттык жыйындан соң министр ЖМК өкүлдөрү коштоосунда “ШКУ өлкөлөрүнүн цивилизациялар диалогу – 2026” эл аралык иш-чарасына катышып жатат.

Бул иш-чарага ошондой эле, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана өнөктөш өлкөлөрдөн келген мамлекеттик өкүлдөр, маданият ишмерлери, эксперттер жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты – өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө жана цивилизациялар аралык өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү болуп саналат.

Диалогдун алкагында расмий ачылыш аземи, маданий программалар, көргөзмөлөр жана тегерек столдор өтөт.

Катышуучулар маалымат каражаттарынын кызматташуусу, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана заманбап технологиялар жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашат.