"Ачык кабинет": Көчмөндөр оюндарына билеттер "Түндүк" аркылуу сатылат

Коом Загрузка... 14 Июль 2026 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагындагы иш күнү “Биринчи радиого” маек берүүдөн башталды. Министр андан чыгып, Улуттук тарых музейинде өткөн аппараттык жыйынга кирди.

Жыйынга министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери катышууда. Анын жүрүшүндө министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов видео байланыш аркылуу Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунан кошулуп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулуп жаткан этношаарчанын курулуш иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берди.

Орун басардын маалыматына ылайык, учурда курулуш аянтчасында 350 адам эмгектенип, ордолорду куруу жана суу менен камсыз кылуу иштери аяктоо алдында турат. Ошондой эле Бишкек шаарында Хан ордонун конструкциясын даярдоо иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Учурда иштер 80 пайыз аяктаган, август айынын башында сүрөтчү-коюучулар иштеп башташат.

Андан сырткары, жыйында маданият тармагын санариптештирүү, анын ичинде концерттерге, спектаклдерге жана башка маданий иш-чараларга электрондук билет сатуу системасын киргизүү маселеси талкууланды.

Министрдин айтымында, жакынкы убакта жарандар “Түндүк” платформасы аркылуу маданий мекемелердин жана иш-чаралардын билеттерин онлайн сатып ала алышат.

“Түндүк" аркылуу концерттерге, спектаклдерге жана башка бардык маданий иш-чараларга билеттерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул система билеттерди ортомчулар аркылуу кымбаттатып сатуу көрүнүштөрүнө бөгөт коюп, жарандарга өлкөнүн кайсы аймагында болбосун аралыктан билет сатып алууга шарт түзөт”, — деди министр.