Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин жаңы окуу корпусу жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында университеттин жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышуу учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, жаңы окуу корпусунун курулушу ушул жылдын жаз айларында башталган. Беш кабаттан турган имараттын жалпы аянты 8 миң 500 чарчы метрден ашат. Курулуш иштери август айынын аягына чейин бүткөрүлүп, жаңы окуу жылынан тарта студенттерди кабыл алуу пландалууда.

“Буга максатта президенттин фондунан 980 миллион сом бөлүнгөн. Имарат заманбап окуу эмеректери, жабдуулар жана студенттердин сапаттуу билим алышы үчүн зарыл болгон бардык шарттар менен камсыздалууда.
Ал эми учурда университеттин негизги имараты толук пайдаланылып жатат. Айрым факультеттер окуу жайдын жатаканасында билим алып келишет. Жаңы корпус ушул маселени чечүүгө жардам берет.

Университетке жыл сайын орточо 300гө жакын абитуриент кабыл алынат. Жаңы имарат пайдаланууга берилгенден кийин студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү кеңейип, актердук жана режиссёрдук багыттар боюнча орундар көбөйөт. Мындан тышкары, университеттин базасында үн режиссёрлорун жана жарык берүүчү режиссёрлорун даярдоочу кыска мөөнөттүү курстарды ачуу пландалууда.
"Барган сайын технология өнүгүп жаткандыктан, маданият тармагына заманбап техниканы өздөштүргөн адистер керек. Биз университеттин мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдоону көздөп жатабыз”, - деди Мирбек Мамбеталиев.
Белгилей кетсек, былтыр демөөрчүлөрдүн колдоосу менен университет үчүн заманбап жабдылган жабык спорт зал да курулуп пайдаланууга берилген.