Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кырдаалдык борборуна барды. Долбоор ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда ишке ашырылууда.
Борбор 2025-жылдын сентябрь айынан тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет жана университеттеги негизги процесстерди бир жерден көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн. Ал окуу процессинин өз убагында жана үзгүлтүксүз өтүшүн, ошондой эле кызматкерлердин эмгек тартибин сактоону көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, билим берүү процессинин ачык-айкын болушуна, окутуучулар менен студенттердин коопсуздугун жогорулатууга жана жетекчиликтин чечимдерди тез кабыл алышына шарт түзөт.
“Борборго Баткен, Нарын жана Талас аймактык институттары да туташтырылган. Бул жерден кайсы окуу жайдын кайсы аудиториясында кандай сабак өтүлүп жатканы көрүнүп, ал тургай угулуп турат. Мындай борбор азырынча Улуттук университетте гана иш алып барууда”, — деди министр.
Буга чейин министр “Биринчи радиого” маек берип, андан соң Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун иши менен жеринде таанышкан. Алдыда министр ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда башка жогорку окуу жайларга да барып, жыйындарды өткөрөт.
Белгилей кетсек, “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты — жетекчилердин иш күнүн жасалмалуулуксуз, эртең мененден кечке чейин коомчулукка көрсөтүү.