Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. Ашууларда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт.
ӨКМден билдиришкендей, 31-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү кооптуулугу жогору.
Кооптуу тилкелердин тизмеси:
- Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу, 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
- Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусу;
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолунун 201-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусу;
- Каракол-Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу.
"Жолдор тайгак болуп, муз тоңот жана кар күрткүсү күтүлөт. Кырсыктардын алдын алуу үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо зарыл",-деп айтылат маалыматта.