Жамгыр аралашкан кар: Бүгүн өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 6 март 2026 09:15
Жамгыр аралашкан кар: Бүгүн өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерге туман түшүшү мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас облусунда +3…+8, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында +6…+8, Ош шаарында +8…+10 градуска жетет.